Сокулук районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Сокулук-Кант айланма унаа жолунда болгон.
"Сокулукту карай келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок ал жетишпей калып, кайра өз жолуна кирип жаткан учурда Тойота Ист унаасына урунуп, каршы тарабында келе жаткан Тойота Ипсум менен бетме-бет сүзүшкөн. Анын кесепетинен 9 адам жабыркап, Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген", - дейт Исаев.