Бишкекте "пенсионерлерди алдап, баалуу буюмдарын алып жүрүшкөн" деп шектелген аялдардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин милиция кызматкерлерине пенсионерлер кайрылып, өздөрүн "соцфонддун кызматкерибиз" деп тааныштырган белгисиз аялдар үйүндөгү баалуу буюмдарын, катылган акча каражаттарын алып кетишкенин айтышкан. Бул кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Наталья Марковская жана 2000-жылы туулган Кристина Марковская жана 1994-жылы туулган Светлана Казанкова кармалып, СИЗОго киргизилишти. Эгерде жогорудагы аялдардан жабыркагандар болсо, 0778 75 00 05, 0553 102 631, 0705 774 377 номурларына чалып, кабарласа болот.