ЭЛДИК ВИДЕО: "Ты супер!" долбооруна катышкан Урмат Мырсакановду колдойбуз

"Элдик видео" бөлүмүнө "Ты супер!" долбооруна катышкан Урмат Мырсакановду колдойбуз" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Emkgupa).

Орусиядагы НТВ телеканалы "Ты супер!" аттуу эл аралык балдардын вокал сынагын баштаган. Сынакка Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетиядагы балдар үйүнүн, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана багып алынган үй-бүлөдөгү 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар катыша алышат.

Аталган эл аралык сынакка мекендешибиз Урмат Мырсаканов да катышууда. Сынактын баракчасында ал тууралуу "эжеси жана кичинекей иниси менен балдар үйүндө жашайт. Сууда сүзүү, футбол, стол тенниси менен алектенип, музыка жана кинону жакшы көрөт. Келечекте белгилүү ырчы болгусу келет" деген маалымат жазылган.

Мекендешибизге бул шилтеме аркылуу "жакты" белгисин басып, добуш берүү мүмкүн.

Ал эми элдик видеону көрүү үчүн бул шилтемени басыӊыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2017-02-16 15:43:50
Колдойбуз албетте!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан