Орусиянын Москва шаарында 50 жаштагы аялды зордуктоого шектелген Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 9-февраль күнү саат 12:00 чамасында болгон. Анда Кеша аттуу жаран 50 жаштагы С.З.К. жашаган батирге кирип келип, күч колдонуп зордуктаган. Андан соң сабап, кабыргаларын сындырып, колу-бутун байлап окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Өзгөн районунун тургуну, 1979-жылы туулган К.К. кармалган.
"Эгерде сиздерге карата кылмыш болсо эч ойлонбостон, коркпостон арыз менен кайрылыңыздар. Көп учурда кылмыш батирде болгон учурда, жабырлануучулар убактылуу каттоосу башка жакта болгондуктан полицияга арыз жазгандан коркушат. Мисал катары айта кетсек, жогорудагы жабырлануучу эже дагы коркуп, арыз жазбай үйүндө жата берген", - дейт Алиев.