Мындан 34 жыл мурун, 1983-жылы 16-февралда Австралиянын түштүк-чыгышындагы токойлордо ири өрттөр чыккан. Бул күнү 3700дөн ашуун имарат өрттөнүп, 340 миң кой, 18 миң уй өлүп, 75 киши каза тапкан. 12 сааттын ичинде Австралиянын Виктория жана Түштүк Австралия штаттарында токойдон чыккан 180 өрт катталган. Өрт кургакчылыктан улам келип чыгып, саатына 110 чакырымга жеткен шамалдын ылдамдыгынан көп аянтка тараган.
16-февралга карата жылнаама