Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн балбандары Швециянын Клиппан шаарында 17-19-февраль аралыгында өтчү “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешине катышат. Күрөш федерациясы билдиргендей, аталган мелдеште 6 кыргыз спортчусу күч сынамакчы. Мелдешке 58 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова катышат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
48 килограмм салмак ченинде - Айбике Кожомкул кызы
53 кг — Назира Марсбек кызы
56 кг — Нураида Анаркулова
58 кг — Айсулуу Тыныбекова
69 кг — Мээрим Жуманазарова
75 кг — Айпери Медет кызы
Машыктыруучу — Нурбек Изабеков