Ким Чен Намды өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Нам ууланган суюктук цианидден да уулуу экенин гонконгдук "Дунфан" порталы Малайзиянын полиция кызматына шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Ошондой эле Малайзия полиция кызматы Куала-Лумпурда Индонезиянын жана Вьетнамдын бирден жаранын кылмышка шектүү катары кармашкан. 1988-жылкы вьетнамдык Доан Тхи Хюонг (Doan Thi Huong) интернет-жылдыз экенин айтып, Малайзияга видеого тартылуу үчүн келгенин билдирген. Мындан сырткары кытайлык басылмалар 3-шектүү кармалганын да жазып чыкты. Алардын маалыматына ылайык, ал Малайзиянын 26 жаштагы жараны.

Индонезия өз жаранына консулун жолуктурууну суранганы белгилүү болгон. Ал эми Вьетнамдын жараны сот алдында жооп берет.

Эскерте кетсек, Ким Чен Нам Малайзиянын аэропортунда өлтүрүлгөн. Аны эки аял өлтүргөнү болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан