Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан 5 адам кулап кетти. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя тууралуу маалымат Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге бүгүн саат 15:30 чамасында келип түшкөн. Анда бир канча куруучунун көп кабаттуу имараттан кулап кеткени айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып кетишкен.
Ал эми "Тез жардам" кызматынын оперативдүү бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев кырсыктан 5 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгенин айтты.