Дарыгер: Курулуп жаткан имараттан кулап кеткендердин үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бишкекте курулуп жаткан имараттан кулап кеткендердин үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, "Тез жардам" кызматы тарабынан жалпы 4 адам алып келинген. Алардын бири хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар Чүй жана Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан кулап кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна коргоочу тактанын түшүп кетиши себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2017-02-16 17:48:55
ИИ Аллахым шыфаасын берип айыгып кетишсин!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан