Атактуу америкалык баскетболчу Майкл Жордан 54 жашка толду. Ал 1963-жылы 17-февралда АКШнын Бруклин деген аймагында төрөлгөн. Улуттук баскетбол ассоциациясында чабуулчу-коргоочу позициясында ойногон. 1980-1990-жылдары УБАны таанытууга жана дүйнө жүзүнө баскетболдун жайылышына чоң салымын кошкон. 2 жолку Олимпиада (1984, 1992) жана 6 жолку УБАнын (1991, 1992, 1993, 1996, 1997, 1998) чемпиону. УБАнын "Жылдын эң пайдалуу оюнчусу" наамынын 5 жолку ээси, УБАнын Жылдыздар беттешинин 14 жолку катышуучусу.
1982-1984-жылдары Түндүк Каролина университетинин командасында ойноп, Улуттук студенттер спортунун ассоциациясынын чемпиону болгон. 1984-жылы "Чикаго Буллз" командасына кошулган. Укмуштуудай секириктери үчүн аны "Air Jordan" деп аташкан. 1991-жылы "Буллз" командасы менен УБАда өзүнүн алгачкы чемпиондугун утуп, 1992-1993-жылдары ийгилигин кайталаган. 1993-1994-жылдары ал баскетболдон кетип, бейсболдон карьера жасоого аракеттенген, бирок 1995-жылы командага кайтып, уткан матчтардын саны менен УБАнын жаңы рекордун койгон. 1999-жылы экинчи ирет карьерасын таштап, 2001-жылы кайрадан "Вашингтон Уизардс" командасынын оюнчусу катары кайткан. 2003-жылы баскетболдон кеткен.
Жеке жашоосу
М. Жордан 1989-жылы сентябрь айында Хуанита Ваной менен баш кошуп, Жеффри Майкл, Маркус Жеймс аттуу эки уул, Жасмин деген кыздуу болгон. 2006-жылы ортодогу пикир келишпестиктерден улам экөө ажырашып кеткен. Ажырашуунун себеби Майклдын Карла Канафел аттуу айым менен жашыруун мамиле куруп жүргөнү болгон дешет. 2013-жылы 27-апрелде М..Жордан өзүнөн 16 жаш кичүү кубалык модель Иветт Прието менен никеге турган. 2014-жылдын февраль айында экөөнүн ортосунда Изабель жана Виктория деген эгиз кыздары төрөлгөн.
2016-жылы декабрь айында М..Жордан дүйнөдөгү эң көп акча тапкан спортчу аталган. Ал ошол убакка чейин 1,7 миллиард доллар таап, анын 93 миллион доллары УБАда ойноп жүргөндө алган каражаты болгон. Калган кирешеси өзүнүн спорттук бут кийим чыгарган брендинен түшкөн. Учурда атактуу спортчу УБАнын "Шарлотт Хорнетс" клубунун ээси.