13-16-июль аралыгында Бишкек шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дзюдо федерациясынын маалымат катчысы Азамат Исабеков билдирди.
“Жаштар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия биринчилиги июль айында Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлөт. Мелдештер Бишкек шаарындагы Ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия борборунда болот”, - деп билдирди.
Аталган мелдешке 30га жакын өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө.