Өткөн суткада Базар-Коргондо тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Базар-Коргон айыл аймагындагы Сай-Коргон айылынын Сайдулаев көчөсүнүн №152-үйдө электр жылыткычына төшөк тийип калып түтөгөн. Үй ээси 1961-жылы туулган М. И. түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун сөөгү текшерүүдөн соң, туугандарына тапшырылып берилгени маалым болду.