Бишкекте бүгүн таңга маал иске ууланып каза болгон ала-букалык тургундун сөөгү табылды

Бишкекте бүгүн таңга маал иске ууланып каза болгон тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

"Маалымат саат 6:50дө Свердлов райондук ИИБнин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Токтогонов тарабынан билдирилген. Келечек конушунун 2-көчөсүндөгү 18-үйдө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 1972-жылы туулган жаран (фамилиясы такталууда) иске ууланып каза болгон. Үйдүн ээси Ж.Мадиярова", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалыматка ылайык, үйдүн 7 чарчы метр бөлмөсүндө матрас, электр чайнек, жууркан жана маркумдун кийими күйүп кеткен. Өрттүн чыккан себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2017-02-17 14:23:45
кудай сактай кор ар пендени
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан