Бишкекте дүкөн сатуучусун коркутуп, кассадан 16 миң сом алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 18-август күнү саат 00:10 чамасында болгон. Анда белгисиз адам дүкөн сатуучусу М.Тны коркутуп, 16 миң сомун алып кетишкен. Аталган факт боюнча "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Б.У. жана 18 жаштагы И.С. кармалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.