Америкалык актёр жана кинорежиссёр Жозеф Гордон-Левитт 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 17-февралда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында жарык дүйнөгө келген. "Начало", "Жизнь прекрасна", "Тёмный рыцарь: Возрождение легенды", "Линкольн", "Бросок кобры", "Обман", "500 дней лета", "Третья планета от Солнца", "10 причин моей ненависти", "Прогулка", "Кирпич", "Город грехов 2: Женщина, ради которой стоит убивать", "Петля времени" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.
1988-жылы "Ни шагу назад" тасмасына тартылып, кинодогу дебютун жасаган. Ал эми 1992-жылы "Бетховен" фильмине тартылуу менен толук метраждуу тасмадагы биринчи ролун аткарган. 2010-жылы "Одиннадцатое свидание Моргана и Дэстини: Зоопарк Цеппелина" тасмасына, 2013-жылы "Страсти Дон Жуана" фильмине режиссёрлук кылган.
2014-жылы 20-декабрда актёр Таша Макколи аттуу айымга үйлөнүп, бир жылдан кийин 15-августта уулдуу болгон.
17-февралга карата жылнаама