Ким Чен Намды өлтүргөнгө шектелип кармалган жарандан уулуу зат табылды

Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Намды өлтүргөнгө шектелип 3 адам кармалганы жазылган. Алардын бири Вьетнамдын Доан Тхи Хюонг аттуу жараны экени белгилүү болгон.

Аны Вьетнамга учуп кетүү алдында кармашкан. Малайзиялык "Синчжоу ван" басылмасынын маалыматы боюнча полиция анын сумкасынан уулуу зат тапкан. Ким Чен Нам ууланган зат цианидден да уулуу экенин айтышкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ал зат рицин же тотродотоксин болушу мүмкүн. Басылманын маалыматына ылайык, бул заттар цианидден да уулуу.

Ал эми малайзиялык "Star" басылмасы Вьетнамдын жараны биринчи шектүү аял экөөнү бирөөлөр тамаша үчүн жалдашканын айтканын жазган.

Өлтүрүлгөн Ким Чен Намдын үй-бүлөсү учурда Макаодо полиция кызматкерлери тарабынан кайтарылып жатканын South China Morning Post гезити өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан