Чоң-Алайда кар көчкү сарайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү кечээ, 16-февраль күнү саат 16:30 чамасында Дароот-Коргон айылында болгон. Анда бир турак үйдүн короосун жана сарайын көлөмү 1500 метр кубду түзгөн кар көчкү басып калган. Турак үйгө жеткен эмес, жабыркагандар жок.