СУПЕРСТАН: "Кол бербей учурашканым үчүн "немис" деп ат коюп алышкан"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз баланын кол бербей учурашканын кандай кабыл аласыздар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жигитим "башка эркектер менен кол берип учурашасыңбы?" деп сурап калды. "Ооба" десем, "билесиңби, эркектин баары туалетке киргенде кантип сийерин? Сен анан ошол колун кармайсың, жадакалса мени менен дагы кол берип учурашпашың керек" дейт. Ошондон кийин ойлонуп калдым".

"Бул тууралуу мен эч ойлобогон экенмин, мага баары бир, кол берип учурашабы, башын ийкеп коёбу, бутун силкип коёбу, иши кылып салам берсе болду".

"Менин бир группалашым бар, кол эмес, шарт эле келип бетин тосот эле адамды уялтып".
"Жакын туугандар менен кол алышам же беттен өөп коёбуз. Группалаштарым менен баш ийкеп учурашчубуз, анткени бизде балдар кыздардан эки эсе көп болгон үчүн кол алышып учурашчу эмеспиз. Бирок ар кандай ситуация болуп калат, кээде балдар колун сунуп туруп калса айла жок кол бергенге да туура келет. Бирок кол бербей баш ийкеп учурашканга аракет кылам".
"Мен дагы кол берип учурашпайм. Кайын журтта "жапайы" деген атка конуп калыпмын".
"Мен тааныган адамдардын баары кол берип учурашышат, мен дагы кол сунганга берем, сунбаганга жок".
"Негизи жаш кезде кол берип эле учурашкан оң го. Кийин турмушка чыкканда баш ийкеп эле учурашса болот".
"Мен ошентип учурашканым үчүн "немис" деп ат коюп алышкан, баш ийкебей эле колумду көтөрүп коём Гитлерге окшоп, түшүнгөн адам эле аны туура кабыл албаса, башкалары анчейин түшүнбөйт же тоготпойт деген тыянак чыгарышат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
imanchik
2017-02-19 09:41:37
Мага айырмасы деле жок, кандай учурашса. Конулго албайм)
+2
kirgizstan
2017-02-19 11:02:20
Эн биринчиде жазылган билдирууго тан калдым .
Жада калса мени менен кол берип учурашпашын керек дегенге.
Дааратканадан чыгып кол жубулатко же андай эмеспи.
Озум жакын таанып билгендерим менен кол берип эле учурашам.
+4
sgushenka
2017-02-20 00:48:21
kirgizstan, менда тан калдым, дааратканага киргенде сол колун иштетсе керек баары анан созсуз жуулат кол. Учурашканда он кол менен учурашат.
+2
Barchynbek
2017-02-20 06:23:20
sgushenka,мен смс менен эле учурашып койом кандайстар деп.хе хе хе.тамаша.
0
solntse95
2017-02-19 12:54:48
Кайнагаларым кол берип учурашпасын деп алыстан эле баш ийкеп учурашып коём. Кээ бирлери колун сунуп келе калат жанына андайда кол беришке туура келет.
+1
eduardali
2017-02-19 12:56:53
Негизи аял киши эркектер менен кол берип учурашканы туура эмес.
+5
Zynk.kg
2017-02-19 16:13:04
Ассалам алейкум ва алейкум ассалам эн жакшысы.
+2
Nur1k
2017-02-19 18:09:16
Бир тааныш кыз да башын ийкеп эле койчу
+2
ZANIA-92
2017-02-19 19:22:06
жумушка келгенде баардыгына кандайсынар деп эле учурашып коем. ал эми жумуштун аягында шефибиз кыз эркегине карабай баарына кол берип коштошуп анан кетет. негизи кыз мн эркек киши кол бербей эле учурашып коюу туура деп эсептейм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан