ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: Мушкер Алмазбек Раимкулов 40 жашка толду

Бокс боюнча профессионалдар арасында Түндүк Американын чемпиону, Кид Даймонд лакап аты менен таанымал мушкер Алмазбек Раимкулов 40 жашка толду. Ал 1977-жылы 18-февралда Бишкек шаарында туулган. 14 жашынан тартып КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. 15 жашында спорт чеберине талапкер болсо, 19 жашында КРнын спорт чебери болгон. Андан кийин 23 жашында эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада төртүнчү орунду ээлеп, КРнын Эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон. Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, Кыргыз мамлекетинин желегин желбиреткен. Кыргыз өлкөсүнүн 10 жолку чемпиону. 2001-жылдан тартып профессионалдуу бокско аралашып, АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап, спорт менен машыгып келген. 2005-жылы 3 жолку Дүйнө чемпиону, Атланта олимпиадасынан алтын байгени уткан кубалык Хоел Касамайор менен дүйнөлүк чемпиондук таймашка чыккан. Бирок бул таймашта жеңиш Алмаз тарапта болсо да калыстар тобу эки мушкерге бирдей баа беришкен. Себеби таймаш болордо Алмазбек Раимкуловго АКШнын желеги менен чыгуу сунушталган эле. Андан мушкер баш тарткан. Алмазбек Раимкулов 2006-жылдын сентябрь айында Түндүк Американын НАБФ версиясындагы чемпиондукту жеңип алган.

18-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2017-02-18 12:19:37
Алмазбек Алабуканын Падек айылынан.. Админ билип алгыла.
+4
akil.91
2017-02-18 12:54:06
Ассол экоо жубайлар беле?
0
Drongo
2017-02-18 15:00:25
Ассоль,Алмазбектен улуу болсо керек эле.Чогуу жашап журушконун,мен да бир жерден уккам.Админ сураныч,Ассоль Молдоакматова тууралуу да жазсанар.
0
jooshbala
2017-02-19 01:48:19
Экоо ажырашып кетишкен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан