Мындан 119 жыл мурун, 1898-жылы 18-февралда италиялык конструктор, автожарышчы жана жеке ишкер, айтылуу "Феррари" компаниясын жана ошондой эле аталыштагы унаа жарыш командасын түптөгөн Энцо Феррари Модена шаарында туулган.
Энцонун автоспорттогу дебюту Parma-Berceto жарышында 1919-жылы болгон. Э.Феррари 1929-жылы жарышуу үчүн унааларды жасап жана жарыштарды уюштуруучу "Scuderia Ferrari" спорттук коомун негиздеген. Башында ал жарышуучу унааларды гана, кийин спорттук унааларды жасап ийгиликке жетишип, атактуу болгон. Э.Феррари 1988-жылы 14-августта Италиянын Маранелло шаарында көз жумган.