16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Боинг кырсыгын иликтеген комиссия окуядан 30 күн өткөн соң алдын ала жыйынтыгын чыгарыш керек. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда аталган комиссия кырсыкка тиешелүү документтерди, үндөр жазылган маалымат менен экипаж-диспетчердин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты иликтөөнү улантып жатат. "Авиакырсыктан 30 күн өткөн соң алдын ала жыйынтык чыгыш керек. Кулаган учакты пайдаланган Түркиянын Кырсыктарды иликтөө комитети алдын ала жыйынтыктын долбоору менен таанышууну сурагандыктан, бул документти жарыялоо Түрк тарабы комментарий бергенден кийин жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган.