Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германияга болгон иш сапарынын алкагында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин маанилүү маселелери, конкреттүү келишимдердин аткарылышы, соода-экономикалык, инвестициялык жана банк чөйрөлөрүндө кызматтыштыкты андан ары жандантуу, саясий сүйлөшүүлөрдү бекемдөө маселелери талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык канцлерге "Курманжан датка" ордени менен кошо өткөн жылы Ангела Меркелдин Кыргыз өлкөсүнө расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча сүрөттөр жыйнагын тапшырды. Өз кезегинде Ангела Меркель бул жогорку сыйлык үчүн ыраазылыгын айтып, өзүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын жылуу сезим менен эскерерин билдирди.