Орусиялык ырчы Витас 38 жашка толду. Ал 1979-жылы 19-февралда Латвиянын Даугавпилс шаарында төрөлгөн. Өз аты Виталий Грацев. Жети жашында Одессага көчүп кетишкен. Витас орус эстрадасына 1999-2000-жылдары келип, дароо эле өз күйөрмандарынын тобун тапканга жетишкен. Башка ырчылардай болуп басма сөзгө интервью бергенди жактырчу эмес. Себеби "өзүң ырдайсыңбы же чын эле экинчи үн жасатып, моюнуңа бир нерсе тиктирип алдың беле?" Эмне үчүн аялдар сыяктуу ырдайсың?" деген суроолор анын ички дүйнөсүнө жана карьерасына терс таасирин тийгизет деп эсептеген. 2006-жылы Витас Светлана Грачёвага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул жана кызы бар.
19-февралга карата жылнаама