18-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында эртең менен жергиликтүү тургундун мал сарайын кар көчкү басып калды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, айыл жашоочулары жана мектеп окуучулары айыл тургунуна жардам көрсөтүштү. "Кээ бир мал жандыктары кар астында калып, 6 кой өлүп калган. Ошондой эле айыл тургунунун үйүнүн чатыры кулап түшкөн. Азыркы учурда Чаткал районунда кар көп", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.