Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында катуу жааган кардан улам 2 үйдү кар көчкү басып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, учурда унаа жолдору жабык, айылдын тургундары кар күрөп тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. "Бул жер тоолуу район болгондуктан кар калың жаап салган, жолдор да жабылып техника каражаты да жетишсиз", - дейт окурман.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү басып калган 2 жаш баланын бирөөсүнүн саат 11:00 чамасында жансыз денеси табылып, экинчисиники саат 11:40 чамасында табылды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.