Бүгүн, 19-февралда саат 08:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында көлөмү 1000 куб метр болгон кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкүдөн улам жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине Токтогул районунун суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылды.