Ош-Бишкек жолундагы Арал постунда жеңил унаалар үчүн жол ачылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 13:40тан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Арал постуна коюлган чектөө жеңил унаалар үчүн алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолду кардан тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Айта кетсек, бүгүн, 19-февралда саат 08:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында көлөмү 1000 куб метр болгон кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gul14kA
2017-02-19 16:33:21
Жакшы болуптур. Деги, унааны жай айдагылачы бай болгурлар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан