Бүгүн, 20-февраль - Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү. 2009-жылдан тарта белгиленип келет. БУУнун Башкы Ассамблеясы 2007-жылы 18-декабрда бул майрамды негиздегендигин жарыялаган. БУУга мүчө-мамлекеттер жыл сайын ушул күнү социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган улуттук деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүшөт.
Уюштуруучулардын айтымында, бул күн жакырчылыктын жок болушуна, аялдардын жана эркектердин тең укуктуулукка ээ болушуна, адамдардын татыктуу жумуш менен камсыз болушуна жана социалдык бакубаттуулуктун орношуна себепкер болууга тийиш.
20-февралга карата жылнаама