Мындан 77 жыл мурун, 1940-жылы 20-февралда "Том жана Жерри" мультфильми алгачкы ирет экранга чыккан. Атактуу мультсериал 1940-жылы Уильям Ханна жана Жозеф Барбера аттуу мультипликаторлор тарабынан тартылган. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын аттарын өзгөртүшкөн. Андагы каармандардын үндөрүн Уильям Ханна, Лиллиан Рэндольф, Билли Блэтчер, Фрэнк Грэхэм, Доуз Батлер, Рэджинальд Коффи, Билл Томпсон, Пол Фрис, Жанет Уолдо, Сара Бернер, Аллен Свифт, Мел Бланк, Жун Форей жана башкалар коштогон. Мультфильм 164 сериядан туруп, анын ар биринин узактыгы 5-10 мүнөттү түзөт.
20-февралга карата жылнаама