Казакстандын Жамбыл облусунда кар көчкүдөн улам 7 адам каза болду

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Жуалын районунда кар көчкү адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аскерлердин күжүрмөн даярдык боюнча окуу учурунда кар көчкү түшкөн. Кырсыктан 10 адам куткарылып, 7 аскер адамы каза болгон. Көчкү Көк-Сай капчыгайында орун алган. Куткаруу иштерине чек ара кызматынын жоокерлери тартылган. Көчкү катталган аймакта 20дан ашуун адам болгон деп болжолдонууда.

Кырсыктан улам өлкөнүн премьер-министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан