Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 6 балбаны Швециянын Клиппан шаарында 17-19-февраль аралыгында өткөн “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешине катышты. Алардын арасынан 58 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды.
Маалым болгондой, Айсулуу Тыныбекова финалда буга чейин “Рио-2016” Олимпиадасынын жарым финалында күрөшкөн атаандашы орусиялык Валерия Кобловага каршы турмак. Бирок жарым финалда алган жаракатынан улам кыргыз спортчусу финалга чыккан жок. Жыйынтыгында күмүш байгеге ээ болду.
Калган спортчуларыбыздын арасынан 75 килограмм салмакта Айпери Медет кызы байгелүү орун үчүн күрөштү. 18 жаштагы кыргыз спортчусу коло байге үчүн күрөштө Эстониянын эң мыкты спортчусу аталган Эпп Мяэге утулуп калды.