Кышкы Азия оюндары: Кыргыз хоккейчилери Кувейтти 5:0 эсебинде жеңди

Хоккей боюнча улуттук курама команда Японияда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында алгачкы беттешинде Кувейт менен кезигип 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Чүчү кулактын жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери “В” тайпасында орун алган. Анда Кувейт, Бахрейн, Филиппин аралдары жана Катар командалары менен күч сынашат. Тайпалык оюндардын жеңүүчүсү “А” тайпасынын 1-орун алган командасы менен ойносо, 2-орун алган командалар коло байге үчүн кез келет.

Эми кыргыз хоккейчилери Бахрейн, Филиппин аралдары жана Катар менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sheralievic...aza
2017-02-20 09:45:40
Азаматтар Аллах колдосун ийгилик алтын кутобуз
+2
Tyty1990
2017-02-20 10:42:05
Азаматтар козумо жаш келе тушту
+2
DE_BRUYNE17
2017-02-20 11:49:55
Куттуктайм! Даиыма жеңиш!
0
Alixan-Nookat.2015
2017-02-20 16:41:57
Ийгилик каалайм жеңиш менен келгиле кудайым силерди колдосун!
0
nurbek11
2017-02-20 17:05:02
Азаматсынар жигиттер алга алга жана алгааааа!!!!!!!
0
bolotbeck1983
2017-02-20 17:29:03
Азаматсынар!!! Дайыма алга!!! Озгочо форманардын дизайны жакты, ото сонун жасалыптыр.
0
bolotbeck1983
2017-02-20 17:33:51
Негизи ушул хоккей оюну эн бир кыймылдуу оюндарга кирет да. Муз устундо шайба уруп ойномок тургай жон эле коньки тебуу канчалык опурталдуу э.
0
jazmina909090
2017-02-20 20:38:49
Молодцы.Бирок Кувейтте кар жок да кыш болбойт аларды жа түшүнсө болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан