Америкалык актриса Анжелина Жоли Брэд Питт менен ажырашууга арыз берген соӊ түрдүү иш-чаралардан, аземдерден баш тартып, коомчулуктун көзүнөн алыстай түшкөн эле. Актриса өткөн жумада өзү режиссёрлук кылган "Алгач алар менин атамды өлтүрүштү. Камбоджа кызынын эскерүүсү" (First They Killed My Father) тасмасына арналган пресс-конференцияга катышуу үчүн Камбоджа өлкөсүнө учуп барган. Бул анын бир нече айдан бери коом алдына алгачкы расмий чыгуусу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин ажырашуу процесси татаал болуп, мурунку түгөйлөр бир чечимге келе албай жатканы айтылып жаткан. Бирок ага карабай Жолинин жүзүнөн кыйналгандыктын белгилери байкалган эмес. Тескерисинче, анын күлүп, күйөрмандары менен жашоосунда бактылуу учур башталгандай сүйлөшүп жатканы сүрөттөрдө байкалат.