Тогуз-Торо районуна барчу негизги жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-февраль күнү саат 05:06 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 44-45-чакырымында болжол менен 2000 метр куб жана 84-чакырымында эки жеринен жалпысынан 300 метр куб кар көчкү жүрүп жол каттамы жабылып калган. Ошол эле күнү саат 15:00дө №18-жол тейлөө ишканасынан 2 даана бульдозер тартылып, кар көчкү түшкөн жерлер тазаланган. Азыркы тапта кар күрткүдөн тазалоо иштерин жүрүүдө.
Мындан улам Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо кызматы тарабынан пост уюштурулуп, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол каттамы убактылуу жабык. Аталган айылда жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн жылынуу жана тамактануу пункттары уюштурулган.