Ала-Бука-Чаткал унаа жолу жабык, Чоң-Сай тилкесиндеги кар көчкү тазалана элек

Ала-Бука-Чаткал унаа жолу жабык, Чоң-Сай тилкесиндеги кар көчкү тазалана элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-февраль күнү саат 13:00 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 75-76-чакырымдарындагы Чоң-Сай тилкесине болжол менен 1500 метр куб, 17-февраль күнү 72-74-чакырымында 20 миң метр куб кар көчкү түшкөн.

Кар жаап жаткандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу тазалоо жумуштары баштала элек.

Чаткал райондук мамлекетик администрация башчысынын 17-февралындагы №31-буйругунун негизинде адам өмүрүнө коркунучтарды жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында, аба-ырайы өз нугуна түшкөнгө чейин Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан