ЖЫЛНААМА, 20-ФЕВРАЛЬ: Америкалык ырчы Рианна 29 жашка толду

Америкалык ырчы Рианна 29 жашка толду. Ал 1988-жылы 20-февралда Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Рианнанын толук аты Робин Рианна Фенти. Анын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн конкурстарга активдүү катышып, "Сулуулук жана талант" конкурсунун жеңүүчүсү болууга да жетишкен. Ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп, дайыма ырчы болууну кыялданып келсе да, кыялдануусу турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болгон. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырган. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келет. Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлайт. Нью-Йоркко келгенде анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алып, аз убакыттын ичинде Эван менен чогуу бир канча ырларды жаздырган. Анын ырларын көпчүлүк жакшы кабыл алып, аз-аздан өз күйөрмандарына ээ боло баштаган. Өзгөчө, ырчынын алгачкы "Pon De Replay" аттуу ыры ийгиликтүү болгон.

Аты чыга баштаганынан көп өтпөй Рианна бир канча үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон миллионер, рэпер Жей Зинин кабыл алуусунда болгон. Жей Зи Рианнанын ырларын угуп көрүп, анын ырчылык жөндөмдүүлүгүнүн жогору экенин байкап, иштешүүгө макул экенин билдирген. Ошол күндөн тартып Рианна Жей Зи менен иштешип, анын үн жаздыруучу студиясында ырларын жаздыра баштаган. Жей Зи да таланттуу кызга колдоо көрсөтүү­дөн баш тарткан эмес. Анын "SOS" деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштаган. Андан көп өтпөй "Music Of The Sun" деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тараган. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөргөн. Ал эми экинчи романтикалуу "If Its Loving That You Want" аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алган. Өзгөчө "You Don’t Love Me No,No,No" деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Рианнанын андан кийинки чыгармаларынын баары хит ырлардын катарын толуктайт.

Жеке жашоосу
Рианна рэпер P Diddy, ырчы Крис Браун менен сүйүү мамилесин курган. 2015-жылы ал Леонардо ди Каприонун досу, түнкү клубдар түйүнүнүн ээси Ричи Акива менен мамиле кура баштаганын америкалык басылмалар жазган.
20-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан