Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн каза болгон өспүрүм балдардын сөөгү бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу 20-февралда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чоң-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылында кар көчкүдөн каза болгон 2006-жылкы Караматулло Шерматов менен 2007-жылы туулган Бактыгүл Шерматованын сөөгү бүгүн, саат 11:00дө жерге берилет. Өспүрүмдөрдүн сөөгүн жерге берүү зыйнатына жергиликтүү айыл аймактын башчылары, район акими катышат. Балдары каза болгон үй-бүлөгө жана турак жайы жабыркаган 1 үй-бүлөгө Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 50 миң сомдон 100 миң сом жардам берүү чечими кабыл алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандарга жергиликтүү айыл аймактан жылуу кийимдер берилген. Эске салсак, буга чейин Чоң-Алай айыл аймагында 2 турак жайды жана 3 мал сарайды кар көчкү басып калган.