Кыргыз Республикасында 2016-жылы 2500 түптөн ашык дарак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 миллион сом зыян келтирилген. Маалымат 18-февралда Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин коллегиялык жыйынында айтылды. Ал эми пландын негизинде былтыр 13 миң куб дарак кыйылып, 2582 гектар жерге жаңы көчөттөр отургузулган. Дарактардын мыйзамсыз кыйылышы боюнча бул расмий гана маалыматтар. Билгизбей кыйылып, билинип калса жергиликтүү органдардын оозун жаап ачыкка чыгарылбай калган фактылар да толтура.
Токой дарактарын жыл сайын көбөйтүп, алардын экологияга тийгизген таасири менен катар, экономикага кошкон салымын да көтөрүү зарылдыгын айтат биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында 616 миң чарчы чакырым токой аянты бар же өлкө аймагынын 6,6 пайызын ээлейт. Анда өлкө калкынын 42 пайызы жашайт.