Базар-Коргондо мектептин чатырынан кулаган окуучунун иши боюнча кылмыш иши козголгон жок
Мектептин чатырынан кулаган окуучунун иши боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя боюнча Базар-Коргон РИИБи тарабынан тергөө иштери уланууда. Буга чейин баланын жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертиза "анча оор эмес, жеңил жараат" деп чыгарып берген. Ага ылайык жана мыйзамга ылайык, кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Анткени мугалим атайлап окуучунун ден соолугуна залал келтирген эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, кырсыкка кабылган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова жазган арызына карата тийиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирген.
Автор: Акназар СулайманкуловФото: Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы