Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга протокол толтурду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жума ичинде өлкөдө жол эрежелерин бузуу боюнча 14 808 админстративдик протокол түзүлгөн. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 263 протокол, документсиз унаа башкаруу 315, мамлекеттик номери жок унаа башкаруу 27, унаны жогорку ылдамдыкта айдоо 1 394 факт катталган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары унаанын айнегин караңгылатуу боюнча 96 факт, жол белгилериндеги талаптарды бузуу 1 856, коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу 3 858, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 2 553 болгон. Ар түрдүү жол эрежесин бузгандар 4 446га жеткен. Жыйынтыгында 506 унаа атайын айып аянтына коюлган.