Бишкектеги Ак үйдүн батыш тарабында адам басчу тротуарда Тойота үлгүсүндөгү эки жол тандабас жөөлөшүп кетишти. Муну байкаган КТРКнын директору Илим Карыпбеков: "Эки крутойго бул жол тардык кылып коюптур! Ким күнөөлүү? Албетте, жол күнөөлүү" , - деп фейсбуктагы баракчасына жазды.
Айта кетсек, аталган тротуарда унаа токтотууга тыюу салынган. Бирок Ак үйгө келгендер бул жерде унааларын токтотууну адатка айландырышкан.