Орусиялык эксперт: "Кыргыз жарандары Орусияда мигранттардын элитасы катары саналат"

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте "Жаштар. Инновациялар. Келечек" аталышындагы форум өтүүдө. Ага Орусиядан келген эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Орус илимдер академиясынын өкүлү Елена Кузьмина "Кыргыз жарандары Орусияда мигранттардын элитасы катары саналат", - деп билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагындагы макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынан барган мигранттарга жакшы шарттар каралган. Анын ичинде медициналык кызмат көрсөтүү, балдарына билим берүү сыяктуу маселелер чечилген. Кузьмина белгилегендей Кыргыз жарандарына салыштырганда Тажикстан менен Өзбекстандан барган эмгек мигранттарынын кирешелери кыскарган.

Форумда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын жаштарынын экономика, маданият тармагындагы келечекке көз карашы, учурдагы инновациялык процесстерге катышуусу, кесипкөй адистерди даярдоо маселелери каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
semo
2017-02-20 14:04:45
Таза кийинип нас тамеки арак ичпей орусча таза суйлоп жүрсон кана россиада биздикилер түкүрүнүп бири бири менен түртүшүп кыйкырып көчөдө шерменде кылып жатат келдинби бирөөнүн жерине ошолордун мыйзамын сыйлаш керек кыргызтандан жөнөп жаткандарга сабак өтүш керек ошол жактан менин ойум өзүн кантип алып жүрүү тууралуу
+21
MAKALAK
2017-02-20 14:44:16
semo,Россияны туура жаз анан орусча таза суйлойбуз
+9
Bubu88
2017-02-21 05:04:21
MAKALAK, бир жылмайып алдым
0
Bazana
2017-02-20 14:21:35
Бийлик фмс мн суйлошуу жургузуусу керек, тез аранын ичинде жана баракчаларды иштеп чыгуусу шарт мигранттын укуктары жонундо жана бекер таркатуусу керек. Мына союзга кошулдук эмне болуп жатат жыл айланды жыйынтыгы чыгууда налог тологон эмес деп колго тушконун депорт кылууда хотя биринчисинде протокол тузуп эки мин штраф салуусу шарт болсода кайра кыйын болду налогду оз алдынча толой албайт иштеген жери мыйзамдуу ишке албайт. Алгандар деле барго бирок аз ото аз.
+6
dosym
2017-02-20 14:38:35
Мигрант болгонубуз уят эмеспи, бул эң мыкты бомжсунар дегендей эле сөз
-9
modem4999
2017-02-20 14:42:25
dosym,негизи уят эле айла жок да эмне кылабыз анан.
+10
magnat1013
2017-02-20 19:44:40
dosym, Мигрант дегенден уялсан, кыргыздарга КРде иштегени шарт тузуп бер, озубуздун жерде жумуш болгондо 1000000 кыргыз четке чыкмак беле, гана самолет самолет жук ташыган эл башчыга барып айтчы мигранттары кайтаралы деп, бир нерсени жазганда ойлонуп жазсанар, ошол мигранттардан келген акча менен КР онугуп жатат, же мамлекет бир нерсени ондоп коюп жатабы, элди ойломок тургай даяр мамлекеттик иш-каналар жок болуп кетти сатылып
+4
temirov76
2017-02-20 20:29:35
magnat1013,КРсыда жумуш орунду dosym түзүш к.кби,ал шартты түзө тургандар башкалар.
-1
aseras
2017-02-20 15:13:42
Мигранттардын деп атат ушуну уялбай тылтыйып биздикилер кантип угуп отурат?Кыргыздарын бизде тентиреп журот дегени да
+9
tursunbaev78
2017-02-22 01:08:03
aseras,мигрант болсоң мигрант дейби анын эмне уяты бар,бизде шарт болгондо эч ким жүрбөйт эле тентип,жеп ичкендер уялсын
0
Nur1k
2017-02-20 16:33:38
Суйунуп алыпсынарго мигранттардын элитасы дешсе. Булар бизди ушинтип айткыдай бизден ойдо турган калкпы? Же булар ак сооктор болуп, жакшы жашаса эле бизден ойдо турган калк бекен? Бул деген чын эле ойдодо биро жазгандай бомждардын эн нормальныйы силерсинер деген эле кеп! Анан да Кыргызстанга келгенде ушинтип мактап айтат да же жамандамак беле?
+10
mi2000
2017-02-20 17:01:45
Бомждарга салыштырып алдынарго чындап эле. Мигрант болсо эмне екен... баары эле оз мээнети мн нан таап жатат, тилемчилик кылган жок. Миграция бул мыйзамдуу корунуш. Кыргыздарга эле эмес Баарына тийешелуу. Туболуктуу же туруктуу нерсе эмеско, убактылуу иштеп максатына жеткенде кайтышатта. Элита деген созго маскарлабай эле койгула. Кыргызстанга акчанын копчулук болугу Россиядан которулат. Демек элдер иштеп жатышат. Ошол эле учурда алардын мыйзамдарын сактоого милдеттуубуз.
+6
ady-88
2017-02-20 19:36:22
Мигрант деген создон жийркенип анан ойноштук кылып бири бирибизди чет жерде сатып жургондон уялбайбыз. Озу бизге соз жок да. Мигрант деген создон уялбай башты ойдо которуп журолу. Америка деле мигрантан курулган мамлекет.
+2
AKCAHAT
2017-02-20 21:25:40
ady-88,мигрант эмес иммигранттардан куралган. Айырмасы ото чон.
+1
aslan_akjol89
2017-02-20 20:20:46
Мигрант деген соз эч качан бомж дегендике жатпайт.Керек болсо бизде Кыргызстанда да аттуу баштуу олколордон мигранттар бар.Эч капа болбогула туугандар.
+2
AKCAHAT
2017-02-20 21:26:09
Тооба мигранттардын элитасы дейби? )))))
+2
Ananai
2017-02-20 22:51:57
Бул дегени почти кембагалдары деген маани.Анткени биздин олкодо бешене терин менен да эч нерсе таба албайсын.И Москвада акыркы кундору кыргыздар кобойуп кетишкен.Кафе ресторан магазин айтор бардык жерде кыргыздар.Ичип чычып алып уят кылгандар да толтура.Бизде болсо иш орундарын ачып элди иш менен камсыз кылууну ойлошпойт.Ар жерде темселеп ушинтип жан багабыз.Москва да билет да биздин кедей олко экенибизди.
0
Sema87
2017-02-20 23:32:40
жалган соз Озбек Таджиктерден айырмасы жок укугубуз деле жумуш деле ошондой эч кандай айырмасы жок
0
Bubu88
2017-02-21 05:20:08
Элитабызбы бомжбузбу билбейм но бөтөн эл жерде жүргөндө ошол элдин мыйзамын сактай билиш керек рахмат Россияга канчалаган адамдарды кучагына батырып келатат өзүбүздо да күнөө бар моюнга алыш керек сүйлөсө ай ааламды курутуп сүйлөшөт кыйын болуп сураштырып келсең уборшицаларга бригадир болгон болот жолдон менттер кармап документ сураса да жөн коргозушпойт көчөдө жалаң кыргыз балдар ичип согунуп сагынып этика эмне экенин билишпейт аларды көрүп уяласын дагы согуп койгондоручу жүн баш деп
0
tyrgon
2017-02-21 14:29:16
МИГРАНТ — [< лат. migratio
переселение] лицо,
совершающее переселение,
меняющее местожительство
внутри страны или
переезжающее из одной
страны в другую, чаще всего
из за экономической,
политической, национально
правовой нестабильности.
0
mira77
2017-02-21 19:08:41
Жылдыз осмонованын ЖК билдируусу тууралуу маалыматты таппай жатам ,суперинфодо жокпу Александр маалымат
0
mira77
2017-02-21 19:09:51
Ал маалымат деп окусанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан