Бишкек шаарынын санитардык абалын бузган ишкерлерге жана турак жай ээлерине протокол толтурулду

Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалын бузган ишкерлерге протокол толтурулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Биринчи май районунун аймагы Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан текшерүүгө алынган.Иш чаранын жүрүшүндө Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан "Car City" унаа жуучу жайынын кызматкерлери тарабынан белгиленбеген жерге таштандылар чогултулуп, көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары Д.Сяопин көчөсүндөгү №400, 531, 541 үйлөрүнүн айланасына, тротуардын жээгине көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.

"Райондун аймагындагы Тыныстанов көчөсүнүн №101а дарегинде жайгашкан "Флагман" ЖЧКсы, Жумабек көчөсүнүн №9-дарегиндеги "Нурисди" ЖЧКсы, Тыналиев-Масалиев көчөлөрүндө жайгашкан "Экиз" ЖЧКсы жана Токтогул көчөсү №194-дарегинде жайгашкан "Салютем" ЖЧКсы ошондой эле Загорская көчөсү №30-дарегинде жайгашкан "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсы Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузуп жаткандыгы аныкталды. Калааны көрктөндүрүү аракетине тоскоол болгон ишкерлерге протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиялардын кароосуна жиберилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2017-02-20 21:53:04
мммм......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан