Учурда "Медиа-портал" бөлүмүндө, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан клиптердин бири - рэп ырчылары Баястан, Бегиш аткарган "Теке" ырынын клиби. Баястан "теке" сөзү позитивдүү мааниде экенин айтып, клип тартуу кызыктуу болгонун билдирди.
"Теке - бул биздин сленг. Кайсы бир жаныбар тууралуу сөз болгон жок. Болгону эӊ мыкты, баары жакшы деген маанини билдирет. Буга чейин деле бул сөз колдонулчу. Биз кайра жанданттык окшойт.
Клипке "We`ll be" бий тобунун жигиттери, бийчи, модель кыздар тартылышкан. Бир күндө тартылып бүттү. Монтаж иштери бир топ убакытка созулган. Кызыгы, клипте бийчи кыз бийлеп жаткан учурда балдар көзүбүздү жумуп алганбыз. Себеби анын бийлегени биздин менталитетке туура келбейт эле (күлүп).
Клип тартуу учуру кызыктуу болду, тоодо тартылган учурунда иштөө менен бирге көӊүлдүү эс алып келдик", - дейт ырчы.
Баястан, Бегиш аткарган "Теке" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.