Улуу Новгород шаарында 8 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Новгород облусунун Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын алдын ала берген маалыматы боюнча, кыз уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканда, ток уруп каза болгон. Телефон ал учурда электр тогуна туташып турган. Бул тууралуу Риа Новости басылмасы жазып чыкты.
"Кыздын сөөгүн ишемби күнү табышкан. Анын денесинде кыйноо издери жок болгон. Тергөө башкармалыгы кыз жашаган үй-бүлө жакшы турганын жана жашы жете электер менен болгон окуяларды алдын алуу боюнча органдарда каттоодо турган эместигин билдирди", - деп жазган басылма.