АКШ лидери Дональд Трамп кайрадан интернет колдонуучулардын назарында. Президенттин фотошоп аркылуу кичирейтилген сүрөттөрү интернетте, америкалык порталдарда "Кодойгон Трамп" деген аталышта мемдерди жаратты. Сүрөттөрдөн иш бөлмөсүндө отурган кызы менен көчөдө сейилдеп жүргөн АКШнын мурунку президенти Барак Обама менен жолугушкан "кодойгон" Трампты көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Трамптын жүргүзгөн саясаты АКШ коомчулугунун бир бөлүгүндө нааразычылык жаратууда. АКШнын бир топ шаарларында ага каршы акциялар өтүп жатат. Нааразычылык толкуну Трамптын Америка Кошмо Штаттарына качкындарды кабыл алууну чектөө, мигранттарга талаптарды күчөтүү чечимдеринен кийин жаралганы белгилүү.