ЖЫЛНААМА, 20-ФЕВРАЛЬ: Ырчы Даниель 27 жашка толду

Ырчы Даниель бүгүн, 20-февралда 27 жашка толду. Аны куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн белгилөөгө карата эч кандай даярдык көрбөгөндүгүн айтты.

"Өздүк майрамым менен эң биринчи болуп апам куттуктады. Андан тышкары күйөрмандарым, жакын адамдарым куттукташып, жылуу сөздөрүн арнап жатышат. Буга чейин туулган күнгө маани берсем, быйыл белгилөө тууралуу ойлонгон деле жокмун. Досторум кандай кылабыз дешсе, ошондой кылып белгилейбиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Даниель 1990-жылы 20-февралда Ош шаарында төрөлгөн. Ырга болгон кызыгуусунун артынан Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырып, ошол мезгилден тарта сахнага чыга баштаган. Даниель көпчүлүккө "Садагам", "Айдагы сулуу", "Жашоо" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.

20-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gul26081997
2017-02-20 19:17:05
27 жашка толушу менен куттуктайбыз, Даниельди сыйлайм ырлары да жакшы, маанилуу, уккулуктуу. Даниель уйлонгонбу? жашоосу тууралуу толугураак маалымат алыныздарчы Супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан