Ооганстанда белгисиз адамдар ыргыткан граната жарылып, бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болду

Ооганстандын чыгыш жагындагы Лагман аймагындагы жардыруудан 10 адам каза болуп, 4өө жарадар болушту. Бул тууралуу чет элдик Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды.

"Бир үй-бүлөнүн үйүнө белгисиз адамдар жергиликтүү убак боюнча, жекшемби күнү саат 19:30да граната ыргытышкан. Жыйынтыгында үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болду, дагы 4өө жаракат алышкан", - деп жазылган аймактын бийлигинин билдирүүсүндө.

Алардын маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында аялдар жана кичинекей балдар бар. Жабыр тарткандар жакынкы ооруканага жеткирилишкен.

Полиция окуяны иликтеп баштаганы маалым болгон. Аймактагы бир да террордук уюм бул кылмышты моюнуна ала элек, кол салуунун себеби да аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbekasr
2017-02-20 17:19:53
Ааиий жаман болгон экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан