"Кинозал" бөлүмү "Бир мешок акча" комедия жанрындагы тасма менен толукталды. Анда режиссёрлук милдетти "Ак-Өргө City" тобунун жигиттери Рүстөм Аскенов менен Кубанычбек Курманбеков аркалап, башкы каармандардын да образын жаратышкан. Продюсер Нурлан Жаныбеков тасма тарбиялык мааниге ээ болгондуктан жакшы сын-пикирлер айтылып, кыска убакытта өзүнө кеткен чыгымды актады дейт:
"Тасма 2016-жылдын 25-февралынан тарта театрларда көрсөтүлө баштады. Эл абдан жакшы кабыл алып, 2 жумада өзүнө кеткен чыгымды толук актады. Мына эми көрүүчүлөр сиздердин сайт аркылуу тасманы көрө алышат", - дейт Н. Жаныбеков.
Белгилей кетсек, тасмада карапайым турмушта жашаган, батирдин ижарасын бере албай кыйналган балдардын жашоосу чагылдырылат. Алардын бири байдын уулу болгонуна карабай "өз күчүм менен курулуш ишканасын ачам" деген максатты көздөп, атасынын берген жардамдарын четке кагат. Экинчиси капчыктуу кызга ашык болуп жүрөт. Зор амбицияга, максатка ээ жигиттер ресторанда ашпозчу болуп эмгектенишет.
Бир күнү алар ресторандын таштандыларын төгүү үчүн чыгып, бир мешок акча таап алышат. Ошол күндөн баштап алардын жашоосу, кулк-мүнөзү өзгөрө баштайт. Бир күнү алардын артынан кооптуу адамдар түшүп, акчаларын алып кетишет. Окуя күлкү, ый жана кызыктар менен коштолот...
"Бир мешок акча" тасмасын бул жерден көрүӊүз.