Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Тариэл Жаркымбаев Японияда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын лыжа жарышында 16-орунду алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалым болгондой, 20-февралда 1400 метр аралыкка спринт жарышка жалпы 18 спортчу катышкан. Тариэл Жаркымбаев квалификация жарышында 3 мүнөт 40 секунда көрсөткүчү менен чейрек финалга чыга алган. Чейрек финалдык жарышта 4-келип, медалдар үчүн күрөштөн четтеген. Жыйынтыгында жалпы тизмеде 16-орунга жазылды.
Кыз-келиндер арасында Кундуз Абдыкадырова жарышка түшүп, 18-орунда келди.